Бишкекте чоң кино майрам! 21-апрелде XIV Эл аралык кыска метраждуу фильмдер фестивалы башталат. Бул жылы фестиваль улуу кино ишмери Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналат.
Фестивалга дүйнөнүн ар тарабынан 900дөн ашык арыз келип түшкөн. Уюштуруучулардын айтымында, тасмалардын көбү Россиядан келип, Армениялык фильмдер өзгөчө көңүл бурдурган. Бул жерде режиссерлор, продюсерлер жана эксперттер өз эмгектерин тааныштырат, тажрыйба алмашат жана жаңы долбоорлорду пландашат.
Программада эл аралык жана улуттук конкурс боюнча көркөм, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык фильмдер көрсөтүлөт. Кененирээк “Стоп кадр" программасынан тындаңыз!