Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук соңку жылдары коомдогу олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары каралууда. Айрыкча мектептердеги мушташтар, жашы жете электер катышкан жол кырсыктары, ошондой эле интернет аркылуу жасалган мыйзам бузуулар көбөйүп жатканы байкалууда.
Адистердин айтымында, өспүрүмдөрдүн кылмышка баруусуна үй-бүлөдөгү көзөмөлдүн жетишсиздиги, социалдык тарбиянын алсыздыгы жана терс чөйрөнүн таасири негизги себеп болууда. Мындан тышкары, акыркы учурда жаштардын дропперликке жана баңгизаттарды жайылтууга тартылуу учурлары да тынчсызданууну жаратууда.
Бул маселени алдын алуу максатында укук коргоо органдары тарабынан түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, ата-энелер жана билим берүү мекемелери менен биргеликте чаралар көрүлүүдө. “Ачык кеп” программасында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өлкөдөгү абал, себептери тууралуу кенен айтып берди.