Жумушсуздар кантип иш табууда? Мамлекеттик программалардын ролу

Sputnik
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 22 пайызга кыскарган. Бул көрсөткүч өлкөдөгү эмгек рыногунда оң өзгөрүүлөр болуп жатканынан кабар береби же анын артында башка факторлор да барбы? Бүгүнкү эфирде биз жумушсуз жарандар ишти кантип табууда, бош орундар жарманкелери жана мамлекеттик программалар канчалык натыйжалуу болуп жатканы тууралуу кеп кылдык. Эмгек рыногундагы учурдагы кырдаал жана жумушсуз жарандарды колдоо чаралары жөнүндө Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлзада Акунова айтып берди.