Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга, диагноздоого жана дарылоого арналган эл аралык илимий медициналык форум өттү. Иш-чарага ШКУ өлкөлөрүнөн жана андан тышкары өлкөлөрдөн алдыңкы окумуштуулар, дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо боюнча эксперттер катышты. Форумдун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо системасында заманбап медициналык технологияларды, санариптик чечимдерди жана инновациялык ыкмаларды ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Маектин жүрүшүндө М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев бул кызматташтык кыргыз медицинасына тийгизген таасири тууралуу айтып берди.