Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу жарандардан түшкөн бардык кайрылуулар кылдат текшерилерин билдирди. Алгач, эл өкүлү Элвира Сурабалдиева парламент жыйынында Ысык-Көлдөгү пансионат биринчи уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө, андан кийин криминал менен күрөшүүдөн соң, УКМКнын кызматкеринин колуна өтүп кеткен бир окуя тууралуу айтылды.Башкы прокурор учурда өндүрүштө мындай мүнөздөгү 386 арыз каралып, процессуалдык чечимдер кабыл алынып жатканын маалымдады. “Учурдан пайдаланып жалпы коомчулук, элибиз үчүн айта кетейин. Кандай гана мыйзам бузуу болбосун эч кимден коркпой, тартынбай прокуратура же күч органдарына кайрылыңыздар. Сөзсүз түрдө мыйзам чегинде адилеттүү, калыс чечим чыгарып беребиз. Эч кимде эч кандай күмөн болбошу керек. Сиз айткан пансионат боюнча так маалымат берсеңиз, териштирип чыгып сизге толук маалымат берем”, - деп баса белгиледи Асаналиев. Депутат бул объект мамлекеттик менчикте эмес экенин белгилеп, аталган факт боюнча кошумча маалымат бере турганын айтты.
“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер тилкелери сатылды”, - деп айтты ал. Жаркынбек Максүтов белгилегендей, аукцион бугун 9-10-апрель күндөрү да уланат.
Россия ЖККУга төрагалыгы учурунда уюмдун Жамааттык күчтөрүнүн согуштук мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого көңүл бурат. Бул тууралуу Россиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов Минскиде ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков менен болгон жолугушууда билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, өзгөчө союздаштык мамилени өнүктүрүүгө, жамааттык коопсуздук механизмдерин өркүндөтүүгө жана Евразиядагы жаңы чакырыктар менен коркунучтарга биргелешип жооп берүүгө көңүл бурушту. Ошондой эле 2026-жылы Россиянын төрагалыгынын алкагындагы артыкчылыктар боюнча ишти координациялоо маселелери каралды. Региондо тең укуктуу жана бөлүнгүс коопсуздук системасын түзүүдөгү, өнөктөш мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен практикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү ЖККУнун ролуна өзгөчө басым жасалды.Грызлов Россия ЖККУнун алкагында кызматташууну өнүктүрүүдө ырааттуулукту сактоону уланта берерин, туруктуулукту сактоого жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн коопсуз өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө басым жасай турганын белгиледи. Ал учурдагы коркунучтарды жана куралдуу кагылышуулардын тажрыйбасын эске алуу менен Жамааттык күчтөрдүн согуштук потенциалын чыңдоо артыкчылыктуу багыт болорун билдирди. Андан тышкары, биологиялык коопсуздук жана маалымат мейкиндигин коргоо маселелерине көңүл бурулмакчы.