Жаратылышты коргоо прокуратурасы кайра түзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда ушул аптада жаратылышты коргоо прокуратурасы кайра түзүлөт. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал демилгени президент колдоп, 30 штат бөлүнгөнүн айтты. Прокуратура өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарында иш алып барат.
Жаратылышты коргоо прокуратурасы төрт негизги багытта иш жүргүзөт:
жер казынасын пайдалануу;
суу ресурстарын колдонуу;
калдыктарды сактоочу жайлар;
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары.
Башкы көзөмөл органынын жетекчиси ушул тапта парламентте прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчет берүүдө.
Кыргызстанда энергетиктерди даярдай турган компетенция борбору түзүлөт