БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Батыш Европанын көпчүлүк лидерлери Украинадагы жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууну каалабайт. Бул тууралуу Россиянын Германиядагы элчиси Сергей Нечаев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Тилекке каршы, континентти бөлүп-жарган жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууга Батыш Европанын көпчүлүк лидерлери кызыкдар эместигин белгилөөгө мажбурбуз", — деди Нечаев.
Анын айтымында, Батыштын жетекчилери Россияны санкциялар жана аскердик аракеттер аркылуу алсыратып жеңүүгө дагы деле умтулуп жатышат.
"Бул жагынан алганда бүгүнкү европалык өкмөттөр АКШ тарабынан СССРдин бардык ири шаарларына массалык өзөктүк сокку урууну караган караңгы "Дропшот" операциясынын архитекторлорун эске салат", — деп белгиледи дипломат.
Ал Батыш Европанын Россияга карата саясаты мурдагы багытта эле уланып келе жатат деп эсептейт.
"Европада социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү элге түшүндүрүү жана аскердик чыгымдарды актоо үчүн "Чыгыштан коркунуч бар" деген миф колдонулуп келет. Туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн Батыш мамлекеттери биздин өлкөгө карата кастык саясатын түп-тамырынан кайра карап чыгышы керек. Мында Россиянын коопсуздук тармагындагы негизги кызыкчылыктары, ошондой эле анын өнүгүүгө болгон укугу эске алынышы зарыл", — деди россиялык элчи.
Ал ошондой эле Батыш элитасы үчүн жөнөкөй чындыкты эстеп коюу пайдалуу болорун белгиледи.
"Россия европалык коопсуздук архитектурасына тең укуктуу өнөктөш катары канчалык көбүрөөк тартылса, континенттеги тынчтык ошончолук туруктуу болот. Бирок мындай коопсуздук архитектурасы Россияга каршы курулса, ал жашап кете албайт", — деп жыйынтыктаган Нечаев.