БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна пансионатын алдырып жиберген ишкер УКМКга жардам сурап барып, мүлкүн ал жактын кызматкерлерине тарттырып жиберген. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиевдин отчетун угууда.
Сурабалдиева башкы прокурорго аталган маселени текшерүүнү тапшырып, ушул өңдүү арыздардын каралган-каралбаганына кызыкты.
"УКМКнын жетекчилиги убагында Көлбаевден жабыркагандар бизге кайрылгыла деп жарыя кылган экен. Ошондо Көлдөгү бир пансионатын уюшкан кылмыштуу топко тарттырып жиберген ишкер атайын кызматка кайрылган. Жыйынтыгында, тескерисинче, экинчи ирет тартып алышкан. Мүлк мамлекетке дагы өткөн эмес", — деди эл өкүлү.
Башкы прокурор бул факт боюнча маалыматы жок экенин айтып, тактоону убадалады. Анын айтымында, соңку маалда мындай мүнөзөгү арыздар көп түшүүдө.