БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде япониялык балбан Кэнсукэ Шимидзуну утуп, биринчи жолу Азия чемпиону болду.
Балбан Күн чыгыш өлкөсүнөн келген атаандашы Шимидзуну 8:2 эсебинде жеңди. Бейшекеев килемге 67 кг салмак категориясында чыккан.
Мындан тышкары, бүгүн, 8-апрелде, спортчу кыздар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Жуманазарова 68 кг салмакта кытайлык Зелу Лини 1:1 эсеби менен утуп, финалга бет алды. Чечүүчү беттеште япониялык Мива Морикава менен кездешет.
Ал эми Медет кызы спортчу Хуи Чжангды 11:0 менен жеңип, финалга жолдомо алды. Финалда моңгол кызы Даваансана Энх-Амар менен күрөшөт.
Эске салсак, Бишкекте күрөштүн үч түрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.