110 сом... Нарында 14 жаштагы өспүрүм жанын кыйды. Милициянын маалыматы

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Нарын районунда 14 жаштагы мектеп окуучусу жанын кыйганын укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.
Маалыматта бала кат жазып, анда мектеп директорунун орун басарын атап кеткени белгиленген.
Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Элвира Сурабалдиева маркум окуучу мектепте китепке деп чогултулган акчаны таба албай калып, тарбия завучунун басымына кабылганын айтып чыкты.
"Мага кайрылып, тарбия завучу бул окуя боюнча баланы өзүнүн кабинетинде суракка алганын айтышты. Окуучу буга намыстанып, өмүрүнө кол салган. Болбогон 110 сом үчүн өмүр кыйылды. Ишти жаап коюшат деген кептер тарап жатат, бийликке кайрылып, бул ишти көзөмөлгө алууну өтүнөм", — деди ал парламентте.
Облустук милиция 1-апрель күнү саат 15:43 чамасында Ийри-Суу айылында өспүрүмдүн өмүрүнө кол салганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.
"Факт боюнча экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", — деп айтылат кабарда.
Бишкекте 6-кабаттын терезесинен кулаган келиндин күйөөсү эки айга камалды