БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. АКШ менен Ирандын ортосундагы эки жумалык тынчтык келишими тууралуу билдирүүлөрдөн кийин дүйнөдө мунай баасы кескин төмөндөп жатат, доллар дагы арзандоодо. Бул тууралуу соода маалыматтарында айтылып жатканын РИА Новости жазды.
Москва убактысы боюнча саат 3:04тө июнь айындагы Brent нефтинин фьючерстеринин баасы рынок жабылгандагы акыркы баага караганда 12,6 пайызга төмөндөп, бир баррели 91,92 доллар болуп, 23-марттан бери биринчи жолу 92 доллардан төмөн түштү. Ал эми май айындагы WTI нефтисинин фьючерстеринин баасы 16,6 пайызга төмөндөп, бир баррели 94,1 долларга чейин арзандады.
Ушул эле учурда доллардын наркы дагы башка валюталарга карата төмөндөөдө. Москва убактысы боюнча саат 3:29га карата евро менен доллардын курсу 1,1597 доллардан 1,1674 долларга чейин жогорулады. Ал эми доллардын иенге карата баасы 159,64 иенден 158,65 иенге чейин төмөндөдү.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга карата бомбалоону эки жумага токтотууга макул болгонун билдирген.
Андан соң Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши АКШ менен сүйлөшүүлөр 10-апрелде, жума күнү, Пакистандын борбору Исламабад шаарында башталарын айткан. Иран бардык сүйлөшүү процесси үчүн эки жума убакыт бөлгөнүн, ушул мөөнөткө атышууну токтотуу режими киргизилерин кабарлаган.