БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстан Жакынкы Чыгыш аймагында атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттайт. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
"Кыргызстан Шахбаз Шариф баштаган Пакистандын жетекчилигинин, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын чыңалууну азайтууга жана тынчтык диалогун жүргүзүүгө багытталган аракеттерин жогору баалайт", — деп айтылат маалыматта.
Өлкө бардык пикир келишпестиктерди Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин негизинде, саясий жана дипломатиялык жолдор аркылуу гана чечүүнү колдойт.
Кыргызстан ошондой эле аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүт артат.