Аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМдин эскертүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын айрым аймактарында 8-10-апрелде нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Дарыяларда суунун деңгээли дагы көтөрүлүп, төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар:
Бишкек – Ош унаа жолу;
121-138-чакырымдар (Төө-Ашуу);
198-255-чакырымдар (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолу;
326-349-чакырымдар (Көк-Арт ашуусу);
Каракол — Эңилчек унаа жолу;
45-90-чакырымдар (Чоң-Ашуу).
Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоо сунушталат. ӨКМ элди сак болууга, мүмкүн болсо алыскы сапарларды кийинкиге жылдырууга чакырды.
Жамгыр жаап, кар түшөт. 12-апрелге чейинки аба ырайынын божомолу