Касымалиев менен РФ вице-премьери Оверчук "Ынтымак ордодо" жолугушту

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекке иш сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан. Эки өлкөнүн алдыдагы өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын маселелери да каралды.
Өкмөт өкүлдөрү артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан ары кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешкен.
Өкмөт башчы ЕАЭБ жыйынында мигранттарга колдоо көрсөтчү аянтча түзүүнү сунуштады