Захарова: Иранга ыксыз кол салуу максатына жеткен жок

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. АКШнын Иранга каршы агрессивдүү, себепсиз жасалган чабуулу максатына жеткен жок. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Sputnik радиосуна билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал белгилегендей, социалдык медиада "жеңиш" жакындап калды деген ооз көптүрүүлөр өтөөсүнө чыкпай калды.
"Россия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эл аралык укукка ылайык жөнгө салууну колдойт. Москванын кырдаалды чечүүгө активдүү катышуусу улуттук кызыкчылыктарга, эл аралык укукка жана гуманитардык максаттарга шайкеш келет", — деди ал АКШ менен Ирандын ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга комментарий берип жатып.
Захарованын айтымында, Россиянын Ормуз кысыгы боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын колдоодон баш тартуусу кеңешти туура эмес максаттарда колдонууга жол берген эмес.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Америка менен Иран эки жумага чейин ок чыгарбай турууга макулдашканын жар салган.
Песков: Жакынкы Чыгышка от жагылып, кырдаал күн санап курчуп баратат