Иран АКШны жеңгенин жар салды. Трамптын реакциясы

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши АКШ президенти Дональд Трамптын эки жумалык элдешүү тууралуу айтканынан кийин Американы жеңгенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Иран АКШны 10 пунктудан турган планды кабыл алдырып, улуу жеңишке жетти", — деп айтылат Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы тараткан билдирүүдө.
Өлкөнүн Коопсуздук кеңеши АКШ Ормуз кысыгын көзөмөлдөө укугу Тегеранда калтырууга, кенемте төлөп берүүгө, уран байытууга уруксат берүү менен санкцияларды алууга жана Жакынкы Чыгыштан аскерин чыгарып кетүүгө макул болгонун белгилеген.
АКШ менен сүйлөшүү 10-апрелде Пакистанда башталат. Тегеран эки жума убакыт бөлгөн, бул мезгил арылыгында ок чыгарылбайт. Ирандын Коопсуздук кеңеши сүйлөшүү процесси АКШ менен согуш аяктады дегенди түшүндүрбөй турганын кошумчалап, эки жума ичинде Америка жазып-тайса катуу жооп аларын эскертти.
Ирандын жеңиши тууралуу билдирүүсүнөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп аны жарыялаган CNN телеканалын сынга алды. https://ria.ru/20260408/tramp-2085805346.html Анын айтымында, Тегеран жалган маалымат таратууда.
"CNN World News тарабынан жарыяланган билдирүү алдамчылык болуп саналат, муну телеканал абдан жакшы билет", — деп жазган өлкө лидери.
Трамп жеңиш тууралуу билдирүү "нигериялык фейк сайты" менен байланыштуу экенин белгилеген. Ал телеканалдан маалыматты өчүрүүнү талап кылып, жакын арада иликтөө жүргүзүүнү убадалады.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШ президенти Америка менен Иран эки жумага чейин ок чыгарбоону макулдашканын билдирген болчу. Анын айтымында, Кошмо Штаттар Тегерандан 10 пунктудан турган план алган, бул сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн толук кандуу негиз болуп бермекчи.
АКШ менен Иран эки жумага чейин атышпай турууну макулдашты