Россия ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн согуштук потенциалын күчөтмөкчү

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Россия ЖККУга төрагалыгы учурунда уюмдун Жамааттык күчтөрүнүн согуштук мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого көңүл бурат. Бул тууралуу Россиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов Минскиде ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков менен болгон жолугушууда билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, өзгөчө союздаштык мамилени өнүктүрүүгө, жамааттык коопсуздук механизмдерин өркүндөтүүгө жана Евразиядагы жаңы чакырыктар менен коркунучтарга биргелешип жооп берүүгө көңүл бурушту.
Ошондой эле 2026-жылы Россиянын төрагалыгынын алкагындагы артыкчылыктар боюнча ишти координациялоо маселелери каралды. Региондо тең укуктуу жана бөлүнгүс коопсуздук системасын түзүүдөгү, өнөктөш мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен практикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү ЖККУнун ролуна өзгөчө басым жасалды.
Грызлов Россия ЖККУнун алкагында кызматташууну өнүктүрүүдө ырааттуулукту сактоону уланта берерин, туруктуулукту сактоого жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн коопсуз өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө басым жасай турганын белгиледи. Ал учурдагы коркунучтарды жана куралдуу кагылышуулардын тажрыйбасын эске алуу менен Жамааттык күчтөрдүн согуштук потенциалын чыңдоо артыкчылыктуу багыт болорун билдирди. Андан тышкары, биологиялык коопсуздук жана маалымат мейкиндигин коргоо маселелерине көңүл бурулмакчы.
Элчи ЖККУнун аймактык коопсуздугунун кепили катары иш алып баруу үчүн жетиштүү ресурстары жана тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Ошол эле учурда ал уюм Түндүк атлантикалык альянс сыяктуу тирешүүгө же үстөмдүк кылууга умтулбай турганын белгилеп, НАТО барган жеринде абалды курчутарын айтты.
ЖККУ катчысынын орун басары баңгизатка байланышкан коркунучтарды тизмектеди