Нацисттердин башчысы тапшырманы стратегиялык гана эмес, идеологиялык максат деп да атаган.
Крым немецтик 17-армиядан коргонууга аракет кылган, басып киргендердин катарында румын бөлүктөрү болгон. Фашисттердин жалпы саны 200 миңге чукулдап барган.
1944-жылдын 8-апрелинде советтик жоокерлер Крым чабуулун баштаган. Алар 15-16-апрелде Севастополго чыгып, ал эми 9-майга жакын шаарды толугу менен бошоткон. 12-майда Крымдагы баскынчылар түп-тамыры менен талкаланган.
Тарыхта Улуу Ата Мекендик согуш учурунда болгон Крымдагы утулуу гитлерчилер үчүн Сталинград салгылашуусуна тете жеңилүү болгону айтылып келет.