БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкекте дарыгерлер эки жаштагы кыздын кызыл өңгөчүнө туруп калган тыйынды операциясыз алып чыкканын №3 Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бөбөктү Нарын облусунан алып келишкен. Апасы наристени ага чейин үч ооруканага алып барганын, бирок ал жерлерде тыйынды чыгаруу мүмкүн болбогонун билдирген.
Дарыгерлер тыйын бөбөктүн кызыл өңгөчүндөгү эң кооптуу бөлүгүндө туруп калганын, мындайда тез арада жардам көрсөтүү маанилүү экенин айтышкан.
"Адистер чечимди тез кабыл алып, операциясыз ыкманы, тагыраагы, катетер колдонууну туура көрүшкөн. Бул ыкма туура колдонулган учурда коопсуз жана натыйжалуу болуп, бөтөн нерсени тез арада алып чыгууга мүмкүндүк берет. Процедура жаракатсыз жана татаалдашпай өттү", – деп айтылат маалыматта.
Билдирүүдө учурда кичинекейдин абалы жакшы экендиги, дароо үйүнө чыгарылгандыгы кошумчаланган. Медиктер ата-энелерге балдарга жутуп ала турган майда буюмдарды бербөөнү, эгерде ошондой окуя болуп кетсе дароо дарыгерге кайрылуу зарылдыгын эскертишти.