Туманбаев "Бишкек Аренада" соода борбору эмнеге курулуп жатканын түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. "Бишкек Арена" стадионунун ичине соода борбору мамлекет башчысынын тапшырмасы менен курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири болуп саналаган бул объектинин курулушу дээрлик 90 пайызга аяктап калды.
"Мындай масштабдагы спорттук комплексти тейлөө ченебеген чыгымды талап кылат. Мындан улам өлкө башчынын тапшырмасынын негизинде стадиондун аймагында Bishkek Arena Mall заманбап соода борбору курулууда. Ал стадиондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө гана эмес, келечекте үзгүлтүксүз иштешин да камсыздайт. Соода борборунан түшкөн каражат "Бишкек Аренаны" тейлөөгө жана анын инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Бул өз кезегинде мамлекеттик бюджетке жүк болбой, стадиондун өз алдынча туруктуу иштөөсүнө шарт түзөт", — деп жазды Туманбаев соцтармакка.
Ошондой эле соода борборунда жетиштүү сандагы унаа токтотуучу жай каралып, ал долбоордун негизги артыкчылыктарынын бири болорун кошумчалады.
Көзгө жакшы көрүнөт. "Бишкек Арена" стадионунун асмандан тартылган видеосу