Башкы прокурор балдар эң көп кайсы кылмышка барарын ачыктады

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өспүрүмдөр арасында эң көп катталган кылмыш — телефон уурдоо. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Нуржамал Төрөбекова 2025-жылы балдар арасындагы кылмыштар 10 пайызга өскөнүн белгилеп, прокуратуранын алдын алуу чаралары тууралуу сурады.
Асаналиев өспүрүмдөр эң көп телефон уурдоого барарын, мындай кылмыштардын көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Чүй облустарында катталганын айтты.
Башкы көзөмөл органынын жетекчисинин билдирүүсү боюнча:
кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан башталат;
кылмыштардын себептери негизинен социалдык-экономикалык жагдайларга байланыштуу болот. Миграцияда жүргөн ата-энелер балдарга туура тарбия бере албай калууда. Ошондой эле балдарга соцтармактар чоң таасир тийгизет.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү 2025-жылга карата өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокуратуранын отчетун угушту.
Бир окуянын изи менен... Прокуратура балдардын коргоого муктаждыгын эскертти