БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Америка менен Иран эки жумага чейин ок чыгарбай турууга макулдашканын жар салды. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости кабарлады.
Өлкө башчынын айтымында, АКШ Ирандан 10 пунктудан турган сунуш алган. Ал сүйлөшүүлөр үчүн толук кандуу негиз болуп берери белгиленди.
"Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шраиф жана фельдмаршал Асим Мунир менен сүйлөшүүлөрдөн соң Иранга чабуул жасабай, бомбалоону да эки жумага чейин токтото турууга макул болдум. Бул эки тараптуу келишим. Иран Ормуз кысыгындагы кемелердин коопсуздугун камсыздоону мойнуна алды. Буга чейинки пикир келишпестиктин дээрлик баары жөнгө салынды, эки апталык убакытта акыркы жыйынтыктоочу макулдашуу түзүүгө жетишебиз", — деди Ак үйдүн ээси.
Белгилей кетсек, шаршемби түнү АКШ президенти Дональд Трамп койгон шарттын мөөнөтү аяктамак. Ага ылайык, Тегеран Ормуз кысыгындагы кыймылды жандантышы керек эле, болбосо Ирандын инфраструктурасына, өзгөчө көпүрөлөргө, электр станцияларына сокку урулмак. Иран бийлиги чабуулдун баарына жооп кайтарууга даяр экенин эскерткен.
Кечээ Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф Трампка макулдашуу түзүү мөөнөтүн эки жумага чейин узартууну өтүнүп кайрылганын билдирген. Аны менен бирге Иранды кең пейилдик кылып Ормуз кысыгын ача турууга чакырган болчу.