БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бейшембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 11…16, Талас облусунда 19…24, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 15…20, Нарын чөлкөмүндө 13…18 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 14…16, Ош шаарында 17…19 градусту түзөт.