Искак Раззаков, Болот Мамбетов жана Султан Ибраимов улуттук кызыкчылык үчүн кандай күрөшкөн?

Sputnik
Төрткүл суу сактагычынын курулушу бүткөндө, жергиликтүү эл абдан сүйүнгөн.Өткөн кылымда Баткен аймагындагы Төрткүл суу сактагычы кайсыл муктаждыктан курулган? Эмне үчүн кыргыздын чыгаан уулдары Искак Раззаков, Болот Мамбетов жана Султан Ибраимов нечен жыл жогорудагы суу сактагычын куруу жөнүндө демилге көтөрүшкөн? Кайсыл себептер менен жыйырма тогуз жаштагы адис Калкаш Батыркановго Баткен аймагындагы Төрткүл суу сактагычын куруу вазийпасы жүктөлгөн? Эмне үчүн Төрткүл суу сактагычы Кыргызстан үчүн стратегиялык жактан зор мааниге ээ? Бул суроолор боюнча Кыргыз ССРнин суу чарба жана мелиорация министри Калкаш Мамбетович Батырканов менен маектешебиз.