Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барып, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле Digital Qazaqstan – 2026 эл аралык санарип форумуна катышты. Жыйында 10дон ашуун маселе каралып, ЕАЭБдин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүнө багытталган бир катар маселелер каралды. Жыйындын орунттуу учурлары тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Диляна Алимжанова айтып берди.