Чектөөлөр алынды: кыргыз селлерлери Россиянын маркетплейстерине эркин чыга алат

Sputnik
Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы үчүн Россиянын маркетплейстерине чыгуу маселеси акыркы жылдары эң маанилүү багыттардын бири болуп келди. Буга чейин ишкерлер ар кандай административдик тоскоолдуктарга, документтерге байланышкан түшүнбөстүктөргө жана логистикалык кыйынчылыктарга туш болуп келишкен.
Акыркы маалыматтарга ылайык, бул маселелер толугу менен жөнгө салынып, кыргызстандык ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Эми продукцияны Россиянын ири онлайн аянтчаларына эркин жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп, экспорт көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттар түзүлдү.
Ушул өзгөрүүлөрдүн чыныгы таасири кандай болот, ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчиликтер бар — бул суроолорго Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борборунун серепчиси Айганыш Бейшенкуловадан жооп алдык.