Кыргызстанда ушул аптада жаратылышты коргоо прокуратурасы кайра түзүлөт. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал демилгени президент колдоп, 30 штат бөлүнгөнүн айтты. Прокуратура өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарында иш алып барат. Жаратылышты коргоо прокуратурасы төрт негизги багытта иш жүргүзөт: жер казынасын пайдалануу; суу ресурстарын колдонуу; калдыктарды сактоочу жайлар; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары. Башкы көзөмөл органынын жетекчиси ушул тапта парламентте прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчет берүүдө.
Транспорт департаменти айып бузуулардан 3 айда бюджетке 69,3 млн сом түшүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3 ай ичинде транспорттук көзөмөл пункттары менен станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу 189,4 миң унаа текшерилди. Транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 609 протокол түзүлүп, 3,7 млн сом айып пул салынган. Анын ичинен чектелген салмак-габариттик ченемдерди сактабагандыгы үчүн 998 протокол түзүлүп, 17,7 млн сомго айып пул, эл аралык жүк ташуулардын тартибин сактабагандыгы үчүн 143 протокол түзүлүп, 2 млн 860 миң сомго айып пул салынган. Мындан тышкары, ашыкча салмак жүктөп алгандан түшкөн жыйым 2,6 млн сом, бөлүнгүс ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташууга атайын уруксат берүүдөн 36 млн 791 миң сом, көп жолу колдонулуучу атайын уруксатты берүүдөн 1,1 млн сом жыйым чогулду. Жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 69,1 миң сом түшкөн. Министрликтен белгилешкендей, Транспорт департаменти 21 транспорттук көзөмөл пунктта салмак-габариттик көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле транспорттук көзөмөл аракеттери мобилдик топ аркылуу да ишке ашырылат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-апрелге карата өлкөдө жана Россия менен Казакстандагы азык-түлүккө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү. Ведомстводон белгилешкендей, мониторингдин жыйынтыгында жумуртка, пияз жана күрүч арзандаганы байкалды.
АКШнын Иранга каршы агрессивдүү, себепсиз жасалган чабуулу максатына жеткен жок. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Sputnik радиосуна билдиргенин РИА Новости жазды.Ал белгилегендей, социалдык медиада "жеңиш" жакындап калды деген ооз көптүрүүлөр өтөөсүнө чыкпай калды. "Россия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эл аралык укукка ылайык жөнгө салууну колдойт. Москванын кырдаалды чечүүгө активдүү катышуусу улуттук кызыкчылыктарга, эл аралык укукка жана гуманитардык максаттарга шайкеш келет", — деди ал АКШ менен Ирандын ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга комментарий берип жатып.Захарованын айтымында, Россиянын Ормуз кысыгы боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын колдоодон баш тартуусу кеңешти туура эмес максаттарда колдонууга жол берген эмес. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Америка менен Иран эки жумага чейин ок чыгарбай турууга макулдашканын жар салган.