Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев өз каалоосу менен мандатын тапшырды. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн карап, бир добуштан колдоп беришти. 34 жаштагы Эгембердиев №19 Сокулук округунан шайланган. Ал 5 316 шайлоочунун добушу менен аталган округда экинчи болуп келген. Эми анын орду 4 767 добуш менен үчүнчү катарда турган Рамис Жунусалиевге берилиши мүмкүн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын тапшырды.Өкмөттөн билидиришкендей, 40 техника мамлекеттик бюджеттин эсебинен 128 миллион сомго сатып алынды. Калган 23 техниканы эл аралык уюмдар каржылаган. Техника министрликтин райондук суу чарба башкармалыктарына берилет. Касымалиев өлкө жетекчилиги ирригация тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. "2021-2025-жылдары республикалык бюджеттен Суу ресурстары кызматына 21,4 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражат ирригациялык объектилерди тейлөөгө, каналдарды оңдоого жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жумшалган. Ошондой эле акыркы беш жылда 270 даана жаңы техника алынды", — деди өкмөт башчы. 2026-жылга чейин 5 270 гектар аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу пландалууда. Президенттин тапшырмасына ылайык, 2030-жылга чейин мындай системаларды 200 миң гектар жерге киргизүү милдети коюлган.
Президент Садыр Жапаровдун аракетинин аркасында Кыргызстан ЕАЭБдин негизги кыймылдаткыч күчүнүн бирине айланды. Мындай пикирин "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова айтты. Ал кызматташтыктын алкагында көп демилгелер ишке ашып жатканын белгиледи. Тагыраагы, "Евразия" паркы белекке тартууланып, мектеп автобустарын өткөрүп берүү жана калктын аялуу катмарын колдоого багытталган социалдык дүкөндөрдү ачуу долбоорлору ишке ашырылды. "РФ президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келердин алында Орус тили жана маданиятын колдоо боюнча евразиялык борбор ачылган. Учурда биз өлкөнүн түштүгүндө да ушундай эле борбор ачууга даярданып жатабыз. Буга муктаждык бар жана бизден Кыргызстандын башка шаарларына да ушундай борборлорду ачууну суранышууда, анткени орус тилине суроо-талап жогору", — деди Аршинова уюмдун эки жылдык ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында.Ал кошумчалагандай, Кыргызстан өкмөтүнүн суранычы менен орус тилдүү мугалимдерди даярдоо үчүн университеттерде педагогикалык бөлүмдөрдү ачуу маселеси каралууда.
Батыш Европанын көпчүлүк лидерлери Украинадагы жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууну каалабайт. Бул тууралуу Россиянын Германиядагы элчиси Сергей Нечаев билдиргенин РИА Новости жазды."Тилекке каршы, континентти бөлүп-жарган жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууга Батыш Европанын көпчүлүк лидерлери кызыкдар эместигин белгилөөгө мажбурбуз", — деди Нечаев.Анын айтымында, Батыштын жетекчилери Россияны санкциялар жана аскердик аракеттер аркылуу алсыратып жеңүүгө дагы деле умтулуп жатышат."Бул жагынан алганда бүгүнкү европалык өкмөттөр АКШ тарабынан СССРдин бардык ири шаарларына массалык өзөктүк сокку урууну караган караңгы "Дропшот" операциясынын архитекторлорун эске салат", — деп белгиледи дипломат.Ал Батыш Европанын Россияга карата саясаты мурдагы багытта эле уланып келе жатат деп эсептейт.