Жаз мезгилинин келиши менен табият жанданып, адамдар эс алууга, тоого же сейил бактарга көп чыга баштайт. Бирок дал ушул мезгилде кенелердин активдүүлүгү күчөп, алар аркылуу жугуучу кооптуу оорулардын бири — кене энцефалити коркунучу да жогорулайт.
Бул оору адамдын борбордук нерв системасын жабыркаткан олуттуу инфекция болуп, өз убагында алдын алуу жана сактануу чараларын көрүү өзгөчө маанилүү.
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтомолог Гүлкайыр Орокчиева кене энцефалити жаз айларында эмне үчүн көбөйөрү, анын белгилери, кандай жолдор менен жугары жана андан кантип коргонуу керектиги тууралуу айтып берди.