Акыркы жылдары Кыргызстанда сот системасын реформалоо жана пробация институтун өнүктүрүү багытында бир катар маанилүү кадамдар жасалды. Расмий маалыматтарга ылайык, абактагылардын саны азайып, кайталанма кылмыштардын деңгээли төмөндөдү. Ошол эле учурда бул өзгөрүүлөрдүн натыйжалуулугу жана коом үчүн коопсуздугу тууралуу суроолор да жаралууда.
Бүгүн биз дал ушул маселе тууралуу Пробация департаментинин директорунун орун басары Данияр Молдокул уулу менен талкууладык.