ЖМК Украинанын ЕБге мүчөлүгүнүн кооптуулугу тууралуу жазды

Басылма өнөктөш мамлекеттерди коркутуп-үркүтүү жана опузалоо Евробиримдикке мүчө болом дегендер таштай турган кадам эместигин баса белгилейт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Украина Европанын стратегиялык өнөктөшү болушу мүмкүн, бирок Евробиримдиктин толук мүчөлүгүнө кабыл алынбайт. Мындай божомолду The European Conservative журналы жазды.
"Жыл башынан бери уланып келе жаткан "Достук" түтүгү боюнча талаш-тартышты транзиттик өлкө камсыздоо, жеткирүү жолдорун саясий жаңжалдын бир бөлүгү катары карап, кадам таштаган учурда Борбордук Европа канчалык алсыз экенин көрсөтүп койду. Эгер ал ЕБге мүчө болбой жатып эле энергетикалык жааттагы камсыздоону, жеткирүүнү акча суроо үчүн курал катары колдонуп жатса, анда мүчө болгондон кийин эмне кыларын элестете берсек болот", — деп белгилеген макаланын автору.
Басылма өнөктөш мамлекеттерди коркутуп-үркүтүү жана опузалоо Евробиримдикке мүчө болом дегендер таштай турган кадам эместигин баса белгилейт.
"Украина Евробиримдиктин стратегиялык өнөктөшү боло алат, бирок ага толук кандуу мүчөлүк берилбеши керек, антпесе биримдик ыдырап кетүү коркунучуна кептелет", — деп айтылат макалада.
Украина россиялык нефть өткөн "Достук" түтүгүнүн өз аймагынан өткөн бөлүгүнүн иши бузулду деген шылтоо менен 27-янврада токтотуп койгон. Венгриядан Украинага дизель жөнөтүлбөй, кийин Будапешт Евробиримдиктин 90 миллард евро өлчөмүндөгү насыясын жана санкциялардын 20-пакетин бөгөттөп салган. Өлкө бийлиги мындай кадамын россиялык мунайдын өтүшүн саясий себептерден улам токтотуп койгон Киевдин опузасына жооп деп атаган.
Украина ЕБге талапкер катары европалыктардын көңүлүн калтырганын айтышты