Башкы прокурор УКМКнын канча кызматкери жоопкерчиликке тартылганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Соңку саясий окуялардан кийин УКМКнын тогуз кызматкери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Башкы көзөмөл органынын жетекчиси акыркы окуяларга байланыштуу Аскер прокуратурасы тарабынан коррупциялык багытта, кызматтык кылмыштарга байланыштуу 18 иш козголуп, тергелип жатканын белгиледи.
"Алардын алкагында тогуз кызматкер жоопкерчиликке тартылып, сегизи соттун чечими менен камакта, дагы бирөө үй камагына чыгарылган", — деди Асаналиев.
Ошондой эле ал УКМК кызматкерлеринин үстүнөн 386 арыз түшкөнүн кошумчалады.
Элдар Жакыпбековдун иши. УКМК канча кызматкери иштен алынганын кабарлады