Трамп НАТО менен коштошконун жар салды

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп НАТО менен коштошуусуна Вашингтондун Гренландияны көзөмөлдөө ниетине альянстын көрсөткөн реакциясы себеп болгонун билдирген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Эгер чындыкты билгиңер келсе, бардыгы Гренландиядан башталган. Бул аймакты алсак дейбиз. Алар бизге бергиси келбейт. Ошондуктан мен "кош" деп айттым", — деп АКШ лидери Ак үйдөгү маалымат жыйынында билдирген.

Андан соң Трамп журналисттер менен суроо-жообун дароо токтото сала коштошуп, үстү-үстүнө жааган суроолорго карабай брифинг залынан чыгып кетти.
Буга чейин саясатчы НАТОнун АКШга Иранга каршы операцияда жардам берүүдөн баш тартканы үчүн уюмдун беделине доо кетирди деп нааразы болгон.
"Алар бизге кереги жок болчу, бул айдан ачык нерсе, анткени такыр эле жардам беришкен жок. Тескерисинче болду. Алар жардам бербегенге болгон аракетин жумшады. Ал тургай учактар учуп-конгон тилкелерди берүүнү да каалашкан жок", — деген ал.
Ошондой эле Трамп Түндүк Атлантика альянсы болгону кагаз жолборс экенин жана Россия андан коркпостугун кошумчалаган.
Өткөн аптада Трамп АКШдан чыгып кетүүнү олуттуу түрдө эле ойлонуштуруп жаткандыгын билдирген. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы кырдаал бир жаңсыл болгондон кийин альянс кандай мааниге ээ экендигин ой калчап, караштырыш керектигин белгилеген.
"Күнү бүтүп баратат". Европадагылар НАТОнун келечеги туурасында айтышты