Ишкерлер мунайга алынган кошумча төлөмдөрдү азайта турууну сунушташты

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшүнө каршы күрөшүү үчүн салыктарды жана акциздерди алып салуу сунушталууда. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди.
Ал акыркы убакта аталган продукциянын дүң баасы 25–30 пайызга өскөнүн айтты. Эгер азыркы баалар менен импорттолсо, дизелдик отундун өздүк наркы 100–103 сомду, ал эми Аи-92 бензини 78–81 сомго жетет. Бул эсептөөлөргө жеткирүүчүлөрдүн кирешеси, эмгек акысы жана башка чыгымдар киргизилген эмес. Канатбек Эшатовдун айтымында, учурда өлкөдө чекене баалар мурда арзан баада сатып алынган эски запастардын эсебинен кармалып турат, бирок ал дагы дээрлик түгөнүп калды.

“Салыктар жана акциздер баанын болжол менен 25 пайызын түзөт. Көптөгөн өлкөлөрдө акциздер нөлгө түшүрүлүп, ал эми КНС, НСП жана башка салыктар мүмкүн болушунча минимумга чейин азайтылган. Ыкчам штаб түзүлүп, анын курамына Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү да кирди. Штаб министрлер кабинетине бул төлөмдөрдү, ошондой эле маркалоону жана Жол фондуна жыйымдарды убактылуу алып салууну сунуштады”, — деди Эшатов “Биринчи радиодогу" маегинде.

Өлкөдө күйүүчү май кымбаттады