Москвадагы Третьяков галереясында "Наследие эпохи. Семен Чуйков" көргөзмөсү ачылды

Москвадагы Третьяков галереясында "Наследие эпохи. Семен Чуйков" деп аталган көргөзмө ачылды.
Sputnik
Долбоор мурдагы советтик республикалардын улуттук сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгына арналган.
Кызыккандар 12-июлга чейин барып көрсө болот.
Иш-чара Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи менен биргеликте өткөрүлүп жатат.
Көргөзмөгө Чуйковдун "Советтик Кыргызстандын кызы", "Койчунун кызы", "Токтогул эл арасында" сыяктуу эмгектери коюлган. "Кыргыз колхоз сюитасы" сериясынан тандалган эмгектер экспозициянын өзөгүн түзөт.
Семен Афанасьевич Чуйков — легендарлуу советтик сүрөтчү, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, заманбап кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүсү. Анын эмгектери дүйнөдөгү белгилүү музейлердин коллекцияларында маанилүү орунду ээлейт.