Сүйүнчү! Кыргызстандын финалга чыккан үч балбаны тең Азия чемпиону болду

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча финалга чыккан үч балбаны тең Азия чемпиону болду.
Биринчи болуп килемге 63 килограмм салмак категориясындагы Афтандил Таалайбек уулу чыкты. Ал ирандык атаандашы Жарканини 7:2 эсебинде жеңип алды.
Андан кийин 77 килограммдык салмакта Акжол Махмудов да алтын тагынды. Муну менен кыргызстандык балбан төртүнчү ирет Азия чемпиону аталды.
Акыркы болуп 87 килограммдык салмакта Асан Жанышов чыкты. Ирандык Голамреза Фарокхисенжани менен беттешкен кыргызстандык балбан аны 11:4 эсебинде утуп алды.
Эскерте кетсек, Азия чемпионаты ушу тапта Бишкекте өтүп жатат.
Акжол Махмудов менен Сезим Жуманазарованын Ташкенттеги укмуштуудай жеңиши. Видео