Кыргызстандын бала бакчаларында логопед менен психологдор иштемекчи

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Эми өлкөдөгү бардык бакчаларда логопед жана психолог болушу керек. Бул туурасында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, жаңы стандарттар бекитилди. Кандай адистер зарыл экени такталган тизме жогорку окуу жайларда тиешелүү адистерди даярдоо боюнча иш алып барган Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлөт.
Кыргызстандык мугалим Астанада "КМШнын мыкты педагогу" аталды