Бишкекте март айында үйлөрдүн кымбаттаганы байкалды

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Борбор калаада март айында үйлөрдүн кымбаттаганы байкалды.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянсак, тамдардын баасы 6,6 пайызга кымбаттаган. Эгерде акча менен эсептесек, бир чарчы метри 1878,52 доллардан 2002,69 долларга өскөн.
Батирлердин бир чарчы метри 1091,57 доллардан 1275,58 долларга чыгып, 16,9 пайызга көтөрүлгөн.
"Бул — аталган агенттикте катталган сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизиндеги орто эсеп менен алынган маалыматтар. Келишимдердеги баалар рыноктук баадан айырмаланышы мүмкүн, анткени айрымдарында атайын жогорулатылып көрсөтүлөт", — деп эксперт Sputnik Кыргызстанга түшүндүрүп берди.
Москвадагыдай... Депутаттар Бишкектеги батирлердин баасына нааразы болду