Батыштын бейөкмөт уюму сотто Кыргызстандын банкына койгон кинесин далилдей алган жок

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Брюссель соту кыргызстандык банк "Россияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө" көмөктөштү деген Европадагы бейөкмөт уюмдун айыптоосун негизсиз деп тапты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Сот "Ачык диалог фондун" (Open Dialogue Foundation) сайтына жарыяланган "Бакай банк" тууралуу жалган маалыматтарды өчүрүүгө, соттун чечимин сайтына жарыялоого жана чыгымдарды төлөөгө милдеттендирди.
Президенттин маалымат катчысы батыш өлкөлөрү "Капитал банк" жана "Керемет банкка" дагы санкция салып, бирок буга далил келтиришпегенин эске салды.
"Бул жерде маанилүү бир жагдай бар: санкциялар айыптоо мүнөзүнө гана ээ. Башкача айтканда, банктар санкцияларды кыйгап өтүүгө шектелип гана жатат. Азырынча АКШ да, Улуу Британия да мыйзам бузуулар боюнча конкреттүү далилдерди коомчулукка ачык жарыялай элек", — деп жазды Алагөзов.
Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, ата мекендик банктарга карата санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана ак ниетсиз тараптар тараткан жалган маалыматтарга негизделгенин баса белгилеп келген.
"Башка кыргыз банктарына каршы санкцияларды негиздеген конкреттүү далилдер жок болгондуктан мамлекеттин позициясы өзгөрүүсүз калат: Кыргызстан өзүнүн финансылык түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү ачык жана мыйзамдуу экенин тастыктоого ар дайым даяр", — деп кошумчалады ал.
ЕБ Кыргызстандын эки банкына санкция салууну сунуштап жатканы маалым болду