БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көл менен Нарын өрөөндөрүндө +16...+21 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош калаасында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15…+17, Ошто +17…+19 градуска жетет.