Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов

Sputnik
Жумалы Кубатов — Кыргызстандын аскердик чалгын кызматынын негиздөөчүсү, полковник. Ал 1950-жылы Түп районунда туулган, Новосибирсктеги аскердик-саясий училищени бүтүргөн. 1970-1980-жылдары Кубатов Афганистанда жана ГДРде контрчалгын бөлүмдөрүн жетектеп, көп операцияларды ийгиликтүү жүргүзгөн. Афганистандагы эрдиги үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланган.
1992-жылы эгемен Кыргызстанда аскердик чалгын кызматын түптөп, чет өлкөлөрдө маанилүү маалымат чогултууга жооп берген. 1993-жылы Тажикстандагы жарандык согушта туткундагы аскерлерди аман-эсен бошотууга салым кошкон. Кесиптештери аны адис, эр жүрөк жана принципиалдуу жетекчи катары баалашат.
Кубатовдун үй-бүлөсү офицерлер династиясына кирет, аскердик жол 1919-жылдан башталган. “Туяк” программасынын алкагында Марипа Кубатова жолдошунун адам, жолдош, ата катары да бейнесин ачып берди.