Ысырапкорчулук сараңдыктан да жаман деп айтылат. Ысырапкорчулуктун себептерин түшүнүү, аны азайтуу жана үнөмдүү жашоо маданиятын калыптандыруу маселеси өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта үй-бүлө мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги, каржылык сабаттуулугу жана туура пландоо көндүмдөрү чоң роль ойнойт. Демек, үй-бүлөлүк бюджетти туура башкаруу – ар бир үйдүн туруктуулугунун негизги шарттарынын бири. Бирок күнүмдүк жашоодо байкалбаган майда-чүйдө чыгымдар, пландалбаган сатып алуулар жана керексиз адаттар акча каражатынын ысырап болушуна алып келет.
Биз “Көз мончок” уктуруусунда үй-бүлөдөгү ысырапкорчулуктун келип чыгуу себептери жана аны алдын алуу жолдору тууралуу кененирээк кеп кылдык.