Бишкек шаарындагы Орус үйүндө орус поэзиясынын күмүш доорунун көрүнүктүү өкүлү Александр Блоктун чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси өтүп, адабият сүйүүчүлөрдү бир аянтка топтоду. Бул маданий иш-чара поэзиянын терең маанисин, көркөм дүйнөсүн жана котормонун өзгөчө ролун ачып берүү менен бирге, кыргыз-орус адабий алакаларын чыңдоого багытталды. Александр Блоктун поэзиясынын өзгөчөлүгү эмнеде жана ал эмнеси менен бүгүн да актуалдуу? Биз уктурууда акындын чыгармаларын кыргызчага которгон, Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Улан Дөөлөтов менен кененирээк маектештик.