ШКУга 25 жыл: Кыргызстан өкүл болуп турган учурда уюм кандай натыйжаларга жетишти?

Sputnik
2026-жылдын август айында Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышары күтүлүүдө. Бул жылкы саммит ШКУнун 25 жылдыгына туш келди. ШКУ өзүнүн 25 жылдык жолунда алты мамлекеттен турган бирикмеден дүйнөдөгү эң ири трансаймактык уюмдардын бирине чейин өсүп жетти. ШКУнун үнү жыл сайын эл аралык аренада барган сайын таасирдүү угулуп, глобалдык деңгээлде мамлекеттер аралык өнөктөштүктүн системалуу моделинин белгилерин алып бара жатат.
Биз “Күн башат” уктуруусунда Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктары жана уюмдун 2026-жылга карата негизги максаттары жөнүндө кеп кылдык.