Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Министрлер кабинети Кыргызстанда жаныбарларды багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кабыл алынган чечимдин максаты Кыргызстандын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү чөйрөсүндөгү мамилелерди өркүндөтүү жана тартипке келтирүү, ченемдик укуктук актылардагы аныкталган шайкеш эместиктерди жоюу. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында жаныбарларды капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү эрежелери токтом менен бекитилди. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда. “Ушуга байланыштуу биз туристтик мезгилге кызуу даярданып жатабыз. Инфраструктураны жана тейлөө сапатын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин жогорулатуу боюнча иш алып баруудабыз”, -деп белгиледи департаменттин директору. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикага келген туристтердин саны 10 миллиондон ашкан. Үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч кеминде дагы 10 пайызга өсөт деп күтүлүүдө.
Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө боюнча жыйын өттү. Мэриядан билдиришкендей, жыйынга жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору катышты. Жыйындын жүрүшүндө билим берүү уюмдарынын жетекчилери ата-энелерден, мыйзамдуу өкүлдөрдөн жана окуучулардан акча каражаттарын жыйноого жол бербөөнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптары менен кол коюу аркылуу тааныштырылды. "Окуу жылынын аягына чейин бүтүрүү аземдери жана башка салтанаттуу иш-чаралар үчүн акча чогултуу сыяктуу ар кандай акча жыйноолорго тыюу салынат. Эгерде мыйзамсыз акча чогултуу учурлары аныкталса, тиешелүү материалдар юридикалык баа берүү жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөрү өзгөчө баса белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Лондондун Гатвик аэропортунан Порту шаарына багыт алган "TAP Air Portugal" авиакомпаниясынын учагында өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары Португалиянын Учак жана темир жол кырсыктарынын алдын алуу жана иликтөө боюнча башкармалыгынын (GPIAAF) отчетуна таянып билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя учак саат 09:05те учуп чыгып, болжол менен 1,22 км бийиктикке көтөрүлгөндө болгон. Жүргүнчүлөрдүн биринин кол жүгүндөгү электрондук тамеки күйүп кеткен. Салондун ичин түтүн каптап, жүргүнчүлөр арасында дүрбөлөң жаралган. Экипаж мүчөлөрү ыкчам аракет көрүп, өрттү жайылып кете электе өчүрүүгө жетишишкен. Учкучтар өзгөчө кырдаал жарыялап, аба кемесин кайра артка бурушкан. Натыйжада учак учкандан 13-14 мүнөт өткөндөн кийин Лондонго аман-эсен конгон. Окуядан эч ким жабыркаган жок.