БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Иран цивилизациясы тыптыйпыл болушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү АКШ президенти Дональд Трамп соцтармагы аркылуу жасаганын РИА Новости жазды.
"Бүгүн түнү бүтүндөй цивилизация кыйрап жок болот, аны калыбына келтирүүгө да мүмкүн болбойт. Мен каалабайт элем, бирок ушундай болгону калды окшойт", — деп жазган АКШ лидери.
Трамп кандайдыр бир бурулуш кылып жибере турган орчундуу окуя болуп кетиши да мүмкүн экенин белгилеп, анын аки-чүкүсүн айткан жок.
"Ким билет? Баары бүгүн кечинде белгилүү болот", — деди Ак үйдүн ээси.
Кечээ Трамп Ормуз кысыгын ачууну талап кылып, шейшемби "көпүрөлөр менен электр станцияларынын" күнү болорун, ирандыктар "тозокто күн кечирерин" айтып коркуткан. Тегеран Вашингтон айканын аткара турган болсо катуу жооп кайтарарын эскертти.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралда башталган. Тараптар ошондон бери бири-бирине сокку уруп келүүдө.