БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкектеги Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде терезеден эки баласы менен кулап каза тапкан келиндин күйөөсү эки айга камалды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, шектүүнүн бөгөт чарасы 6-апрелде Ленин райондук сотунда каралып, келиндин күйөөсүн 4-июнга чейин камакка алуу чечими чыгарылды.
Маркум келиндин жана анын 1 жашар ымыркайынын сөөгү 6-апрелде жерге берилди. Каргаша 4-апрель күнү кечинде болгон. 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен терезеден кулап кеткени кабарланган.
"27 жаштагы келин мүрт кеткен. 1 жаштагы кызы ооруканада чарчап калган. Ал эми 5 жаштагы кызы учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат", — деп айтылган кабарда.
Саламаттык сактоо министрлиги кыздын абалы өтө оор экенин маалымдаган.
Милиция окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен иш козгоп, маркумдун 34 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.