Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков Украина боюнча сүйлөшүүлөр эмне үчүн токтоп турганын түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Украина боюнча сүйлөшүү процесси учурда убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Сүйлөшүү процессине келсек, ал учурда токтоп турат, анткени америкалыктардын башка көп иши бар, кайсы экени түшүнүктүү, ошондой эле азыр үч тараптын жолугушуусун уюштуруу кыйын", — деди Песков журналисттерге.
Ал ошондой эле Москва да, Киев да Вашингтон менен диалогун улантып жатканын белгиледи.
"Украин тарап америкалыктар менен сүйлөшүүсүн улантууда, биз да өз кезегибизде бар болгон каналдар аркылуу АКШ менен маалымат алмашып жатабыз", — деди Песков.
Зеленскийдин канча акчасы бар жана кайдан тапкан. Декларациядагы сандар