Кыргызстандын нан азыктарына суроо-талап көбөйдү

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Чет өлкөлөрдө Кыргызстандан чыккан нанга жана таттуу токочторго суроо-талап өсүүдө. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, январь айында өлкө мындай азыктан 292 тонна экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 17,5 пайызга көп.
Анын 80 пайыздан ашыгын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр сатып алышкан. Калганы Кытайга, Монголияга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга жөнөтүлгөн.
Кыргызстан шире экспортун жүз эсе көбөйттү