Кыргызстанда энергетиктерди даярдай турган компетенция борбору түзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстан Борбор Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борборун түзөт. Демилге Татарстандын Казань шаарында өткөн "Энергопром" эл аралык форумунун алкагында көтөрүлгөнүн Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта келишимге Кыргызстан менен Татарстандын өкүлдөрү кол койгону айтылат. Анын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда биринчи жолу электрди өчүрбөй туруп иштөөнү үйрөтө турган атайын борбор ачылат. Мында энергетика тармагындагы адистер даярдалып, квалификациясы жогорулатылат.
Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга, энергетикалык жоготууларды азайтууга жана калк менен бизнес үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиледи.
Кыргызстан менен Татарстан энергетика жаатында кызматташуу боюнча келишим түздү